Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

28.04: Өлкөдө дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды. Экөө - дарыгерлер

Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 илдетине чалдыгуунун 708 учуру катталды

28-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустук инфекция дагы 21 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Бишкекте - 3 адам, Чүй облусунда -6, Нарын облусунда -2, Жалал-Абад облусунда -экөө, - деди ал. Өлкө боюнча 708 учур катталды, илдетке жаңы чалдыккандардын экөө - дарыгерлер. Экөө тең Нарын облусунда. Сутка ичинде 21 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылды. Коронавирустук инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 416га жетти. Ооруканаларда учурда 284 бейтап дарыланууда, 55 адамдын абалы орто, 12 жаран - оор абалда. Обсервациядагы жарандардын саны - 1112.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Кыргызстанда башка мамлекеттерге караганда коронавирустан каза тапкандардын саны бир пайызды түзүүдө экенин белгиледи.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх