Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Таласка коронавирустун кирбегенин түшүндүрдү

Нурболот Үсөнбаев Талас облустук штабы тыкыр көзөмөл жүргүзүп, мыкты иш алып барганын белгиледи

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингдин жүрүшүндө эмне үчүн дале Талас облусунда коронавирустук инфекция менен жабыркаган бир дагы учур катталбаганы боюнча жооп берди.

- Талас облусунда учурда абал тынч, - деп белгиледи Үсөнбаев. - Ал жерде деле чет мамлекеттерден келген жарандар менен контакт болуп, илдетке чалдыккан учурлар болгон. Бирок, аларды Бишкектеги обсервацияларда өз убагында текшерип, дарыланууга борбор калаада калтырышкан. Талас облустук штабы бардык керектүү чараларды көргөнгө аракет кылып, тыкыр көзөмөл жүргүздү. Талас облусунда башка облустардагыдай эле алдын ала иштери көрүлүүдө.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх