Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

COVID-19 дагы 21 адамдан аныкталды. Алардын 13ү - Бишкекте

Өлкө боюнча ооругандардын жалпы саны 729га жетти

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 21 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Сутка ичинде ооруга чалдыккандардын саны да ошончо экени айтылды.

- 2020-жылдын 29-апрелине карата республика боюнча 21 адамдан СOVID-19 аныкталды, - деп маалымдады ал. Алардын ичинен 13ү - Бишкекте, Ош облусунда 1, Нарын облусунда - 6 жана Баткен облусунда - 1.

Бүгүнкү күнгө чейин өлкө боюнча ооругандардын саны 729га жетти. Алардын ичинен 437 бейтап айыгып чыкты.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх