Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдар үчүн кризистик борбор жардам сурайт

“Азык-түлүк жана кийим-кечек керек, алар үйлөрүнөн халатчан качып чыгышат”

Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунда азык-түлүк түгөнүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин администрациясынан билдиришти.

Жетекчиликтин айтымында аларга кайдыгер эмес жарандар колдон келген жардамдарын көрсөтүп жатышат.

- Бизге макарон жана башка биринчи керектөөдөгү азык-түлүктөрдү алып келип беришүүдө, бирок, алар жетишсиз, - деп түшүндүрүштү борбордо. - Бизге үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар көп кайрылат. Жумасына 5-6 аял кабыл алабыз. Мындан улам бизде азык-түлүк түгөнүп жатат, ошондой эле аларга кийим-кечек да алып берүүгө туура келет.

“Ак жүрөктүн”администрациясы аларга акчалай жардам көрсөтүүнү суранышат.

- Азык-түлүк же кийим-кечек менен деле колдоо көрсөткөндөр болот түшүнөбүз, бирок, биздин электрондук капчыкка 100 сом болсо да салып койгон жакшыраак болмок, - дешти борбордо. - Биз керектүүлөрдү өзүбүз алып алат элек.

Элсом электрондук капчыгы: 0707 69 79 32

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх