Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандын чек арасында калган кыргызстандыктар: Ушундай кыйын абалда кыргыздын тагдырын чечпеген президент менен депутаттардын бизге эмне кереги бар?! (видео)

Алар Кыргызстандын бийлиги бүтүндөй дүйнөнүн алдында шылдың болду дешип, нааразычылык акциясын уюштурууга даяр экенин айтышты

Казакстандын чек арасында калып калган кыргызстандыктар КРнын бийлигине алардын маселесин дароо чечүү талабы менен кайрылышты. Болбосо алар нааразычылык акциясына чыгарын билдиришкен. Мындай видео Инстаграм социалдык тармагында тарады.

«Урматтуу президент, сиз кыргыз элин колдой турган адамсыз.
Биздин жарандар машинелерде жашап жатышат, алардын арасында аксакалдар да, аялдар да бар. Акчабыз такыр калган жок. Биз мекени жок эл эмеспиз. Биз Кыргызстандын жараныбыз. Ушундай оор абалда биздин тагдырыбызды чече албаган президент менен депутаттардын эмне кереги бар?! 120 депутаттын ичинен бешөө гана - Каныбек Иманалиев, Исхак Пирматов, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков жана Наталья Никитенко эле бизге күйүп жатат. Калган министрлер, президентке биздин керегибиз жок. Биз акча, автобус же самолет сураган жокпуз. Биз чек араны өзүбүздүн унааларыбыз менен өтөбүз. Бизге болгону эки саат керек. Казакстандын транспорт министри менен сүйлөшкөнгө эркиңер жетпейби? Бизге Кубат Бороновдун эмне кереги бар? Менин деле дипломум бар, мен деле министр боло алам. Бизге эч ким менен сүйлөшкөнгө жарабаган чалдардын эмне кереги бар? Силер бүткүл дүйнөнүн алдында шылдың болдуңар. Депутатттар, ушул суроону көтөргүлө. Болбосо Ак үйдөн чыгып кеткиле. Биз посттон өтөбүз. Ушул үчүн митинг болот. Эч кандай чыдам калбады. Мына аксакал ыйлап жатат. Кудайдан корккула», - дешкен агынан жарылган кыргызстандыктар.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх