Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Араб эмираттарынан келген кыргызстандык кыз: Билетти 500 долларга алдык. Башка өлкөлөр өз жарандарын 80 доллардан алып кетишти

Абу-Дабиден чартердик каттам менен мекенине учуп келген кыргызстандык кыздын толук маеги

Коронавирус пандемиясы көптөгөн мамлекеттерди өз чек араларын жаап, авиа каттамдарды токтогууга аргасыз кылып, миңдеген кыргызстандыктар чет жерден мекендерине кайтпай калышкан.

Акылай Мадалбекова - БАЭден чартердик каттам менен мекенине кайткан келгендердин бири.

Ал акыркы акчасына учакка билет алууга мажбур болгонун Vesti.kg сайтына айтып берди. Ал ошондой эле обсервациядагы шарттар жөнүндө да баяндап берди.

Абу-Дабиге кандайча барып калдыңыз? Мекенге кайтуу кыйын болдубу?

- Мен 5 жыл мурда Бириккен Араб Эмираттарына иштегени кеткем, ошол жактан келдим. Кыргызстанга 26-апрелде кайттык, билет мурункуга караганда кымбатка турду. Кыргызстандын Абу-Дабидеги элчилиги бизге азык-түлүк жана турак-жай жагынан жардам көрсөтөбүз дешкен, бирок, мен ишсиз калгандыктан мекениме кайтууну чечтим.

Чартердик каттамга билеттин баасы канча болду?

- Мага биздин элчиликтин кызматкерлери телефон чалышып, Fly Dubai 26-апрелге билет сата баштаганын айтыштышты. Үйүнө кеткиси келген адамдардын саны 500гө чамалап кеткендиктен, тезирээк алгыла дешти.

Бир тарапка билет 500 доллар болду, мурда 350-400 долларга эки тарапка тең билет алууга болот эле. Бул бизди, албетте, абдан капалантты. Көптөгөн биздин мекендештерибиз жумуштарынан айрылып, каражаты жок отуруп калышкан. Мисалга башка мамлекеттер өз жарандарын 80 долларга эле алып кетип жатышты.

Азык-түлүккө акчасы калбаган жарандарга жардам көрсөтүлдүбү?

- Мени менен учуп келген бир балдар элчиликке азык-түлүк жактан жардам сурап кайрылышыптыр. Жооп болгон жок дешти. Аларга акыры мекендештер жардам беришиптир. Бирок, бир нече күн мурда элчилик азык-түлүк сатып алып, муктаждарга жардам берүүгө даяр экени жөнүндө видео көрдүм.Ага чейин кыргызстандыктар бири-бирине өздөрү жардам берип жатышты.

Кыргызстандын Абу-Дабидеги дипломатиялык өкүлчүлүгү сиздерге кандай жардам көрсөтүштү?

- Жеке мага Абу-Дабидеги консул Нурбек Карагулов абдан жардам берди.Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бардык транспорт токтотулган болчу. Такси кызматтары гана калган, аны менен Абу-Дабиден Дубайга жетүүгө кеминде 100 доллар кетмек. Ал мени жана дагы бир кыргызстандык кызды аэропортко чейин өзү жеткирип барды.

Сиздер менен бир каттамда келген эки жарандан COVID-19 аныкталды. Аэропорттон сиздерди текшериштиби?

- Тилекке каршы, учактын алдында биздин дене табыбызды да текшеришкен эмес. Абу-Дабинин консулу ага чейин бизге “Баарыңарды текшергенге убакыт кетет, аэропортко 8-9 саат эртээрек баргыла” деген болчу. Бирок, ошол эле маалда Дубайдан учаарга 2-3 саат калганда келгиле деп чалып жатышты. Бардык жүргүнчүлөр таңкы 5те чогулушту, текшергенге убакыт жетпейт экенин айтышты. КРнын Дубайдагы элчилигинин кызматкерлери кимдир-бирөөлөр жөтөлгөн жокпу, дене табы жогорулар жокпу деп сурап жүрүштү. Абу-Дабиден 8 саатка эрте барып, түнү бою аэропортто отуруп чыкканыбызга ичим ачышты. Экинчи тарап бул жагдайды эске албай койгон.

Бишкектен бизди коргонуу костюмдарын кийген дарыгерлер менен ӨКМдин кызматкерлери тосуп алышты. Учактын ичинен дене табыбызды текшерип, учактан чыгарда да кайра текшеришти.

Бизди «Ак-Кеме» мейманканасындагы обсервацияга жайгаштырышты. Шарттары, тамагы да жакшы болчу. Биз ал жакта үч күн болдук. Анализдердин жыйынтыгы чыгып, үйгө кетүүгө уруксат беришкенде Чүй облусунун башчысынын буйругу менен ушул аймакта каттоодо тургандардын бардыгы Беловодское айылындагы ооруканага күндүзгү карантинге алынышы керектигин айтышты.

Обсервацияда бир бөлмөдө канча киши болуп жаттыңар?

- Бир жаштагы баласы бар кыз менен чогуу жаттым. Баса, ал апасынын үйүнө барайын деген экен, бирок, муну уккан апасынын кошуналары ызуу-чуу кылышып, айылга киргизбейбиз, 14 күндөн кийин келсин дешиптир. Азыр ал менин билишимче Беловодскидеги обсервацияда.

Азыр үй карантининде экенсиз. Кандай шарттарды сакташыңыз керек экен?

Биз атайын тиркемеде катталдык, анын жардамы менен биздин кайда экенибизди көзөмөлдөп турушат. Үйдөн чыкпай, жакындар менен да азыраак байланышта болушубуз керек экен. Бүгүн эртең менен мага аймактык дарыгер келип кетти. Мен БАЭда батирден чыкпай дээрлик эки ай отурдум. Карантин кыйынчылык деле жаратпайт мага.

Эске салсак, БАЭнан Кыргызстанда чартердик каттам менен 181 жаран кайтып келген.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх