Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Исмаилова: Мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөнү карантинден кийин тапшырышат

Вице-премьер-министр мектептер менен вуздарда өтмө экзамендер сыртан өткөрүлөрүн билдирди

Мектептер менен студенттерде экзамендер дистанциондук түрдө өтөт. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

- Дистанциондук билим берүү окуу жылынын аягына чейин уланат, - деди Исмаилова. - Бардык өтмө экзамендер дистанциондук режимде өтөт.
Анын айтымында Жалпы республикалык тестрилөөнү мектеп бүтүрүүчүлөрү карантинден кийин тапшырышат.

- Жалпы республикалык тестирлөөнү дистанциондук режимде өткөрүүүгө болбойт, - деди Исмаилова. - Бүгүнкү күнгө карата окуучулардын 80 пайызы тестирлөөгө катталды. Ал карантин аяктагандан кийин кадимки тартипте өтөт. Учурда Билим берүү министрлиги ЖРТнү тапшыруунун тартибин түзүп жатат. Жакынкы аралыкта билим берүү министри бул боюнча толук маалымат берет.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх