Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дагы 17. Кыргызстанда жалпысынан СOVID-19 746 адамда катталды

Илдетке жаңы чалдыккандардын арасында үч дарыгер бар

Кыргызстанда коронавирус дагы 17 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигининин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Ооруга жаңы чалдыккандардын арасынан үчөө Бишкектен, бирөө Ош шаарынан, Ош облусунда -2, Чүй облусунда - 9 жанан Нарын облусунда - 1 адам. Медициналык кызматкерлерден үчөөнөн вирус табылган. Ошентип, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 746га жетти.

Бүгүн ооруканалардан 25 бейтап айыгып чыкты. Ооруну жеңип чыккандардын жалпы саны - 462.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх