Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Вьетнамдан келе албай калган кыргызстандыктар президенттен жардам сурашат (видео)

Алардын арасында кош бойлуу бир келин дагы бар

Коронавирус пандемиясынан улам авиакаттамдардын токтоп, мекенине кайта албай калган 30дан ашуун кыргызстандык президент Сооронбай Жээнбековго жардам сурап кайрылышты.
Мекендештер видео кайрылуусун Vesti.kg сайтына жөнөтүшкөн.

«Саламатсыздарбы, мен Жеңишбек Дамиров. Вьетнамдан кете албай калган биздин жарандардын атынан ушул видео кайрылууну жаздырганга аргасызмын», - деп сөзүн баштаган жарандардын бири.

Анын айтымында марттын 20ларында алар Вьетнамдан мекенине уча улбай калып калышкан, анткени ошол маалда өлкөдө карантиндик режим кирип, авиакаттамдар токтоп калганынан сатып алган билеттери күйүп кеткен. Азыр алардын көбүндө тамак-аш менен жашаганга да акчалары калбай калган. Арасында кош бойлуу келин да бар.

«Биз бири-бирибизди колдоп жатабыз, бирок, мындан ары бул жакта калууга чамабыз жок, -деген. - Вьетнамда Кыргызстандын элчилиги жок, ал эми консул өкмөткө шылтап, колунан эч нерсе келбей турганын айтып жатат.
Биз КРнын ТИМне кайрылганбыз, бирок, алар биздин кайрылууну жөн гана көз жаздымда калтырып коюшту. Бизге жалгыз «Замандаш» партиясынын лидери Жеңишбек Молдокматов жардам берүүгө аракет кылып жатат, бирок, бир кишинин колунан бул келбейт экен».

Кыргызстандыктар бир айдан ашык карантинде отурушканын, COVID-19дун инкубациялык мезгили эчак өткөнүн, демек алардын бардыгы таза жана үйлөрүнө азыр кете алышарын белгилешкен.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович жана Кыргызстандын өкмөтү! - дешет мекендештер. - Жардам бериңиздер. Биринчи ирет эвакуация кылууга жана ага чейин материалдык колдоо көрсөтүүнү суранабыз.

Силер өзүңөр эмгек мигранттарынын кирешеси өлкө бюджетинин үчтөн бирин түзөт дейсиңер. Эмне болсо ошол болсун деп бизди таштап койбогула.
Өлкөдө абал оор экенин түшүнүп турабыз, бирок, биз деле Кыргызстандын жараныбыз. Бизди угуп коюңуздар».

Видео Vesti.kg
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх