Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги Чүй облусунда коронавируска жуктургандардын кескин көбөйгөнүнүн себебин айтты

Себеп - ички миграция

Чүй облусунда коронавирус жуктургандардын кескин көбөйүшү ички миграцияга байланыштуу. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

- Чүй облусу - биздин өлкөнүн борбору, ал аркылуу көптөгөн адамдардын агымы өтөт, - деп түшүндүрдү ал. - Өзгөчө бул ички миграцияга байланыштуу. Көптөгөн жарандар Бишкекте же анын тегерегинде эмгектенет, коронавирустун аймакта жайылып жатышынын себеби ушул.

Муну менен бирге брифингде учурда өзгөчө абал жарыяланган шаар жана айылдарда чукул оорулуулар гана кабыл алынып жатканы белгиленди. Пландалган дарыланууга муктаж бейтаптар карантин алынгандан кийин гана дарыгерлерге бара алышат.

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх