Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестирлөө качан өтөрү белгилүү болду
Тестирлөөнүн алдында бардык имараттар дезинфекцияланат
Жалпы республикалык тестирлөөгө окуучулар 4-майдан 15-майга чейин катталышат. Бул тууралуу брифингде билим берүү министри Каныбек Исаков билдирди.
- Тестирлөө 21-22-июнда эки этапта өтөт, - деп белгиледи ал. - Алгач бардык имараттар дезинфекцияланат. Тестирлөө учурунда окуучулардын арасында социалдык аралык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталышы керек. Тестирлөөгө даярдык башталды.
Вероника Малышева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз