Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда абитуриенттер 20-июлдан тарта жогорку окуу жайланга документ тапшыра алышат

Атайын орто кесиптик билим берүү уюмдары 1-июлдан тарта студенттерди кабыл ала баштайт

Жогорку жана атайын орто кесиптик билим берүү мекемелеринин студенттери жайкы сессияны дистанциондук режимде тапшырышат. Бул тууралуу брифингде билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

- Бизде студенттерге жайкы сессия өткөрүүнүн эки сценарийи бар, - деди ал. - Азырынча биз дистанциондук форма деп турабыз. Бирок, коронавирус боюнча абал турукташса, балким вуздар кадимки тартипте иштей башташат. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 13-19-июлдарда белгилүү болот. Бул вуздар абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи турун 20-июлда өткөрүшө аларын түшүндүрөт. Экинчи тур 27-июлда, ал эми 3-тур 3-августта өтөт. Атайын орто кесиптик билим берүү уюмдары студенттерди 1-июлдан тарта кабыл ала баштайт.

Жусупбекова азырынча республикалык олимпиаданын төртүнчү этабы канча өтөрү белгисиз экенин белгиледи. Бул тууралуу маалымат кийинчерээк айтылат.

- Мектептерге электрондук жазылууну биз 1-сентябрга чейин узарттык, - деп сөзүн улантты ал. -Ата-энелер балдардын документтерин өлкөдөгү эпидемиологиялык абал турукташканда алып бара алышат.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх