Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМнин башчысы бүгүн түн ичинде Бишкектеги блокпосттор алынарын билдирди

Борбор калаанын коменданты өткөрмө кагаз алуу үчүн берилген бир арызды кароого 30 секундадай эле убакыт кетерине ишенет

Өткөрмө кагаз алуу үчүн бир арыз 30 секунданын ичинде каралат. Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев Жогорку Кеңештин жыйынында ушундай маалымат берди.
Депутат Дастан Бекешев ага чейин борбор калаада блокпосттор качан алынары боюнча суроо узаткан. ИИМнин башчысы Кашкар Жунушалиев блокпосттор бүгүн түн ичинде алынып, кайгуул кызматтары гана каларын билдирди.

Өз кезегинде Бекешев "Анда өткөрмө кагаздардын эмне кереги бар?" деген суроосун узатты.

- Посттор алынса, анда электрондук өткөрмө кагаздын эмне кереги бар? - деди депутат. - Анын баары качан каралып бүтөт? 120 миң жумушка чыгат, алар кантип уруксат кагаз алышат? Буйруктарыңар түшүнүксүз.

Бишкектин коменданты арыздар ыкчам караларын ишенимдүү айтты.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх