Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ӨКМдин башчысы: Кыргызстандын түштүгүндө кайра сел жүрүшү мүмкүн

Баткен облусу кырсыктын кесепетинен 55 млн сомдон ашык чыгашага учурады

Кыргызстандын түштүгүндө кайрадан сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров өзүнүн берген отчетунда билдирди.

- «Кыргызгидрометтин» маалыматтарына ылайык, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында 6-7-майда нөшөрлөгөн жамгыр жаап, мындан улам кайрадан сел жүрүшү мүмкүн, - деди ал. - Тоолуу аймактарга кар, мөндүр күтүлөт. Биз жарандарга ЖМКлар аркылуу кабарлап жатабыз.

Министр ошондой эле, бүгүнкү күнгө карата Баткен жана Жалал-Абад облустарында селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Баткен облусунда жалпы чыгаша 55 миллион 267 сомго барабар болду. Жалал-Абад облусунда чыгашанын суммасы аныкталып жатат.

- Курулган бетондук тосмолор менен дамбалар, ошондой эле габиондор өз ишин аткарды. Алар болбогондо, чыгаша мындан көп болмок, - деп белгиледи ӨКМ башчысы.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх