Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Паспортум Россияныкы болгондуктан Кыргызстанга киргизбей жатышат”. Атасынын сөөгүн алып келе жаткан кыргыз келин чек арадан өтө албай турат

Ал атасынын сөөгүн жерге берүү үчүн Кара-Суу районуна алып келаткан

Атасынын сөөгүн өткөрө албай кыргыз-казак чек арасында калып калган кыргыз келин Элдана Кубатова жардам сурап өкмөткө кайрылды. Бул тууралуу argument.kg сайты жазды.

Элдана Кубатова “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде турганын, паспорту Россияныкы болгондуктан кыргыз тарап аны өткөрбөй жатканын айтып берген:⠀

“Орусия, Казакстан өткөрдү. Эми Кыргызстан өткөрбөй жатат. Атам үчүн эле келе жатам. Эртең чык десе чыгып кетет элем. Атамдын сөөгүн үч күндөн бери коштоп алып келе жатам. Бул жакта күн да ысык экен. Өлгөн адамдын сөөгү эмне болуп жатат, билбейм”.

Ал атасынын сөөгүн Ош облусунун Кара-Суу районуна алып баратканын айткан.

Коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы туруу максатында бардык өлкөлөр чек арасын жаап коюшкан.

Материал жарыялангандан кийин кыргыз келиндин маселеси оң жакка чечилгени белгилүү болду.

-Ал Кыргызстанда төрөлүп, бирок, РФнын жарандыгына ээ экен, - дешти Vesti.kg сайтына  КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан. Чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагына кирүүсүнө пандемияга байланыштуу тыюу салынган. Бирок, Элдана Кубатованын маселеси оң жагына чечилди: аны кечээ посттон Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүштү.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх