Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек арадагы атышуу. Кыргызстандык чек арачыларды Өзбекстандын жарандары таш менен ургулашты

КРнын аскер кызматкерлери эскертүү иретинде абага от атышкан

Кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстандын аймагына мал жайып чыккан Өзбекстандын жарандарынын айынан чыр орун алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында сыр Кадамжай району менен Өзбекстандын Сох анклавындагы чек арада орун алган.

- Сох анклавынын жашоочулары Кыргызстандын аймагында мал жайып жүрүшкөн, - деп маалымдады Мадумаров. - Эки мамлекет ортосунда жайыттарды колдонуу боюнча келишим жок болгондуктан, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери Өзбекстандын жаранадарынан артка кайтууну талап кылышкан. Алар өз кезегинде аскер кызматкерлерине таш ыргыта башташат, мындан кийин чек арачылар абага ок атууга аргасыз болушкан.

ЖМКдын маалыматына ылайык, окуя 1-майда эле болуп өткөн, бирок, коомчулукка бул тууралуу азыр гана белгилүү болуп отурат.

Мадумаров учурда кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу экенин ишенимдүү айтты.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх