Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орус-казак чек арасындагы мигранттар: Биз Кыргызстанга жетүү үчүн өзүбүз автобус жалдаганга аргасыз болдук (видео)

КРнын РФда элчилиги бул маалыматты четке какты

Орус-казак чек арасында автоунаалар менен өтө албай калып калган кыргызстандыктар өздөрү автобус жалдаганга аргасыз болушканын айтып, нааразычылыктарын билдиришти. Инстаграм социалдык тармагында муну баяндаган мигранттардын биринин видеосу тарады.

Видеонун авторунун маалыматына ылайык, кыргыз жарандары өз чөнтөгүнөн алды 7 миңге сомго чейин билет сатып алышкан.

«Бизди Кыргызстанга алып кетүүгө эч кандай автобус жөнөтүшкөн эмес. Мунун бардыгы калп. Ар бир адам 4000 сомдон 7000 сомго чейин билет сатып алды. Кыргызстанга кетчүлөрдүн тизмеси түзүлгөн», - деген видеонун автору.

Өз кезегинде Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы маалымат чындыкка дал келбей турганын Vesti.kg сайтына билдирди.

- Жети автобус өкмөт тарабынан берилди, эки автобусту жарандар өздөрү жалдап, мамлекеттен өтүп кетүүгө макулдашып берүүнү суранышты, - деп такташты элчиликте.

Аларды эч ким билет сатып алып, транспорт жалдагыла деп мажбурлаган жок. Бул алардын өзүнүн каалоосу болду. Видеодо айтылган сөздөр чындыкка дал келбейт, анткени, өкмөт тарабынан сунушталган автобуска эч кандай билеттер сатылган эмес.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх