Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абал курч бойдон калууда. Кыргызстанда COVID-19 дагы 11 адамдан чыкты

Бүгүн 13 бейтап айыгып, ооруканаларан чыгарылды

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда СOVID-19 жуктурган 11 жаңы учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Илдетке чалдыккандардын бешөө Бишкектен, Чүй облусунда -3 жана Жалал-Абад облусунан 3 жаран. Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата коронавирус жуктургандардын саны 906га жетти.

Ошол эле маалда бүгүн ооруканалардан 13 бейтап чыгарылды. Жалпы жонунан коронавирусту 650 адам жеңип чыкты.

- Кыргызстанда абал туруктуу курч бойдон калууда, бирок, биз бардык керектүү чараларды көрүп жатабыз, - деди Үсөнбаев.

Вероника Малышева
Фото wwww

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх