Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

СИЗО-1дин бир кызматкери коронавирус жуктурганын министрлик ырастады

ЖАМК кечээ бул маалыматты четке кагып жаткан

Бишкектеги СИЗО-1дин бир кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

- Анализдери коронавирус бар экенин көрсөттү, эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп жатат, текшерип жатабыз, - деп тактады ал.

Эске салсак, кечээ эле ЖАМК № 1-тергөө абагында коронавирус жуктурган кызматкер жок деп, бул маалыматты четке каккан эле. Мекеме анда иштеген жумушчуда COVID-19 шектелип, бирок, экинчи анализ таза чыкканын билдирген.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх