Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Салык кызматы: 1-майдан тарта иштеп баштаган сулуулук салондору менен соода түйүндөрү патент алууга тийиш

Караколдун ишкерлери депутат Дастан Бекешевге салыкчыларга арызданып кайрылышты

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы сулуулук салондору менен соода түйүндөрүнөн салык төлөөнү талап кылышууда. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына депутат Дастан Бекешев жазып чыкты.

«Мага чачтарачтарда, сулуулук салондорунда иштегендер, соодагерлер жана башка ишкерлер кайрылып жатышат. Аларга салык кызматынан барышып, айып пул салабыз деп коркутуп жатышыптыр.

Салык кызматынын буга укугу жок. 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33-мыйзам менен биз Салык кодексине өзгөртүү киргизип, 139-беренени “Жеңилгис күчтөгү жагдайлар пайда болгон учурда КРнын өкмөтүнүн чечими менен салык тартибин бузуу үчүн салыктык жоопкерчилик колдонулбайт” деп № 5-бөлүк менен толуктаганбыз», - деп жазган парламент мүчөсү.

Депутат өкмөт 2020-жылдын 30-мартында № 186- буйрук кабыл алып, анда салык кызматына 2020-жылдын 1-июлуна чейин айып пул салбоону тапшырган.

Ушундай эле билдирүү Твиттер социалдык тармагында да пайда болгон. @ryskuliev аттуу колдонуучу Караколдо дүкөндөрдү ачууга тыюу салып жатышканын жазган.

«Караколдо МСК бизнести, салондорду май айына салыкты толугу менен төлөгүлө, болбосо 30 миң сом айып пул салабыз деп кууратып жатат. Мэрия, ИИБ, МСИ, СЭС болуп топтошуп алып кыдырып, дүкөндөрдү ачтырбай, ачылгандары болсо акчага жыгып жатышат… Ишкерлерге колдоо кана?», - деп жазган ал.

Vesti.kg МСКнын басма сөз кызматына бул боюнча кайрылды. Алар жогоруда көрсөтүлгөн тармактардын өкүлдөрү иштөө үчүн патент алууга милдеттүү экенин такташты.

- Салык төлөө боюнча биз айып пул салып жана туум эсептегенге укугубуз жок, - деп такташты мекемеде. - Бирок, 1-майдан тарта иштеп баштаган ишкерлер патент алууга тийиш. Салык кызматынын кызматкерлеринин патент алуу керектиги боюнча талаптары мыйзамга ылайык келет.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх