Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Төшөк жагына кандайсың?» Майып баласына дарыга муктаж жалгыз бой энеге эркектер төшөк мамилесин сунушташкан (видео)

“Мага мындай сунуш менен беш эркек телефон чалды”

Үч балалуу жалгыз бой эне, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кеңешчиси Эрнис Бөрүбаев соцтармакта жүктөгөн видеосунун алдына комментарий калтырып, эпилепсия менен жабыркаган уулуна кымбат балуу дары алууга жардам сурап кайрылган. Жардамга үмүттөнгөн келин телефон номурун да калтырган. Андан кийин ага бир нече эркек телефон чалып, жардам беришерин айтып, бирок төшөк мамилесин сунушташкан. Бөрүбаев келиндин буларды айткан видеосун өзүнүн баракчасына жайгаштырды.

“Мен инстаграмга сизге комментарий жазгам. Жалгыз бой энемин. Эпилепсиясы бар балама дары алууга жардам сураган элем. Дарегимди, телефон номурумду да жазгам. Эки күндөн кийин бир байке чалып, менин жазганымды окуганын айтты. Ал төшөк мамилесине макул болсом, 2000 сомдук дары алып берүүгө даяр экенин билдирди. Андан башка 5 эркек дагы ушундай эле сунуш менен чалышты. Мага чын дилден жардам берейин деген киши болгон жок. Соцфонддон бир кап ун, мэриядан суу май, күрүч, ун алдык. Балама кымбат дары алганга муктажмын. Кечинде абалы начарлап, оозу-мурдунан кан агып жатат. Дары ичкенде оорусу кичине басаңдайт”, - деген келин.

Эрнис Бөрүбаев бул сөздөрдөн кийин ага дары алууга колуна акча карматкан.

 

“Кудагайга шүгүр, арабызда боорукер, кайрымдуу кишилер көп. Алардын 80 пайызы кыздар, айымдар. Алар күн сайын 300дөн үй-бүлөгө жардам берип жатышат. Калган 20 пайызы - мырзалар. Бул эми менин көргөнүм боюнча. Урматтуу мырзалар, пайдабыз болбосо да, жок дегенде зыяныбызды тийгизбей эле койсок. Менин видеолорумдун алдына жардам сурап жазгандар жырганынан телефон номурун калтырып жатышкан жок, мени байланышып калаар деген үмүт менен жазышат. Кээ бир адамдар болсо муну жаман ниеттеринде колдонгулары келет экен. Жардам берелик, бирок, төшөк мамилесине макул болсоң деп телефон чалып жатышыптыр. Баарыбыздын кыздарыбыз, эже-карындаштарыбыз бар. Кудайдын каргышынан корколук. Мен эч кимге акыл үйрөткүм келбейт. Бирок, ыйык Орозо айы, кудайдан корколук”, - деп Бөрүбаев Кыргызстандын эркектерине кайрылган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх