Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Жеңиш күнүнө карата салют өзгөчө абалга карабай атылат

Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы салютту санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди толук сактап, шаардыктардын катышуусуз өткөрөт

Бүткүл дүйнөдө жүрүп жаткан пандемияга байланыштуу Бишкек мэриясы шаардыктардын коопсуздугун сактоо үчүн бардык жалпы майрамдык иш-чараларды токтотууга аргасыз болду.

9-майга карата майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө мэрия тарабынан 2,5 миллион сом каралган эле. Каражат шаардык эсепте калып, кийин борбор калаанын муктаждыктарына жумшалат.

Жеңиш салюту эч нерсеге карабай атылат. Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы салютту санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди толук сактап, шаардыктардын катышуусуз өткөрөт.

Майрамдык салют Жеңиш аянтында 9-май күнү саат 22:00дө башталат. Тартипти камсыздоо үчүн укук коргоо органдарынынын кызматкерлери тартылат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх