Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери COVID-19 жуктуруп алды

Медициналык кызматкерлеринин ичинен байланышта болгондордун тизмеси такталып, көзөмөлгө алынды

Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгеринен бүгүн COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу COVID-19 менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб маалымдады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына бул маалыматты ырастап, аталган факты бүгүн өлкө боюнча катталган 11 жаңы учурдун ичине кирерин билдирди.

Медициналык кызматкерлеринин ичинен байланышта болгондордун тизмеси такталганы белгиленди. Бардыгынан ПЦР-изилдөө үчүн мазок алынып, дарыгерлер көзөмөлгө алынды.

Дарыгер төлөнбөгөн өргүүдө болгондуктан, бейтаптардын арасында контактта болгондор жок. Министрликтин буйругу менен пландуу бейтаптарды кабыл алуу 10-майга чейин токтотулду. Дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөндөн соң бейтапкана кадимки тартипте иштей баштайт.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх