Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда COVID-19 дагы 14 адамдан чыкты. Жалпы ооругандардын саны 1016га жетти

77 бейтап оор абалда жатат

11-майга карата Кыргызстанда СOVID-19 дагы 14 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.​

Алардын ичинен Бишкекте - 6 адам, Чүй облусунда -1, Ош облусунда -2, Баткен облусунда -1, Нарын облусунда -2, Ысык-Көл облусунда -2 адам. Ооруканаларда учурда 316 бейтап дарыланууда, 77си- оор абалда.

Бир сутка ичинде Бишкекте 3 медициналык кызматкердин коронавируска чалдыкканы белгилүү болду. 5 дарыгер ооруканалардан айыгып чыкты.

Өлкө боюнча жалпысынан 235 медициналык кызматкерден COVID-19 аныкталып, алардын 180и ооруну жеңип чыгышты.

Республика боюнча COVID-19 жуктургандардын жалпы саны 1016га жетти.

Гулиза Чудубаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх