Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өткөрмө кагаздар калат. Бишкектиктердин көчөгө чыгуу эрежелери айтылды

Жумушуна эмес, башка себептер менен көчөгө чыккан бишкектиктерге өткөрмө кагаздар керек

Карантин учурунда шаар ичине жүйөлүү себептер менен чыгууга муктаж жарандарда өткөрмө кагаздар болууга тийиш. Анда көчөгө чыгуунун себеби жана бара турган дареги жазылышы керек. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Штабда шаар ичинде мурдагыдай эле азык-түлүк дүкөндөрүнө, дарыканаларга, медициналык мекемелерге гана барууга уруксат экенин эске салышты. Анда да жарандардын жанында өздүгүн аныктаган документ жана колго жазылган өткөрмө кагазы болуусу шарт.

«Ишмердүүлүгү шштөөгө уруксат берилген тармактарга кирген жарандар жумушунан справка алып, ага мекеме катталган райондук МСКнын же райондук акимиаттын мөөрү коюулушу керек (аталган документтерди алуу үчүн барууда контакттарды азайтуу максатында мекемелердин жетекчилерине, башкы бухгалтерлерине кайрылуу зарыл)», - деп такташты штабда.

Жеке ишкерлер болсо жанына патенттерин алып жүрүүгө тийиш экени белгиленди.

Иштөөгө уруксат берилген тармактарда эмгектенген жарандар 13-майга чейин справка алып, тийиштүү мөөрлөрдү бастырып алууга тийиш.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх