Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы ачылган Түлөбердиев паркындагы асфальттан жарака кетти (видео)

  • жолу 557 кароо

Бишкектиктер сапатсыз асфальт куйган шаардык бийликке нааразы

9-майда ачылган Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы сейил багындагы асфальттан жарака кете баштады. Мындай видеону бишкектик тургун Максим Золотых социалдык тармакка жүктөдү.

Видеонун автору сейил бакка караган көчөгө бир гана кат асфальт куюушуп, ага жол белгилери чийилгенин көрсөткөн. Сейил бак ачылган күндүн эртеси асфальттан жарака кеткен. Жергиликтүү тургундун айтымында парктын өзүндөгү тротуарлар дагы сапатсыз материалдардан жасалып, бузула баштаган.


Бишкектин мэриясы түзүлгөн абал боюнча Vesti.kg сайтына кийинчерээк маалымат беришерин убадалады.

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх