Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москванын оорукасында иштеген дарыгер: Коронавирус бар. Биздин көзүбүз көргөндү эч ким көрбөсүн

Далил катары мекендешибиз ооруга чалдыккан бейтаптардын биринен алган интервьюну көрсөткөн

Москванын №6- Шаардык клиникалык ооруканасында иштеген кыргызстандык дарыгер мекендештерине кайрылды. Врач коронавирус деген оору жок, ал саясий максаттарда ойлоп табылган деген сөздөрдү төгүнгө чыгарган. Медиктин видео кайрылуусу Инстаграм социалдык тармагында тарады.

«Мен коронавирус менен күрөшкөн ооруканада иштейм. Коронавирустук инфекцияга ишенбеген адамдар көбөйүп жатат. 1,5 айдан бери биздин көзүбүз көргөндү эч ким көрбөсүн. Канча өлүм болду… Далил катары COVID-19 чыккан адамдардан интервью алдым. Врачтар силерден бирдеме жашырып жатат деп ойлобогула. Бул саясат эмес. Ооруканага Кыргызстандын жарандары да түшүп жатат.

Урматтуу кыргызстандыктар, бул оорудан алыс болгула. Башында адамдын бир аз тамагы кычышып, андан кийин өпкөгө өтүп, кургак жөтөл башталып, дене табы көтөрүлөт. Бул маалда силерге эч нерсе жардам бере албай калат. Биз сиздер үчүн, биздин балдарыбыздын эртеңи үчүн күрөшүп жатабыз. Эч ким оорубасын. Белгилерди байкасаңар, үйдө отура бербей, текшерилгиле. Менде реанимацияда, кома абалында жаткандардын сүрөттөрү бар. Сураныч, сактангыла. Силердин саламаттыгыңар биз үчүн кымбат», - деп видеодо дарыгер сүйлөгөн.

Муну менен бирге дарыгер бейтаптардын бирине алган маегин да кошумчалаган.

«ТВдан көрсөтүп жаткандар чындык. Ооруканаларга түшкөн адамдар көп. Интернетте мунун бардыгы жалган, вирус жок деп жатышат. Чындыгында вирус бар. Ал чын эле адамдардын өмүрүн алып кетүүдө. Өтө олуттуу мамиле кылып, өзүңөрдү, жакындарыңарды сактагыла. Бет кап кийгиле, колуңарды жана тамак-аштарыңардын бардыгын жуугула», - деп кайрылган бейтап.

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх