Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрилиги: Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын санынын азайышы байкалууда

Мекемеде оорунун жогорку көрсөткүчү божомолдонгонго караганда бир жума мурда катталганын белгилешти

Кыргызстанда бүткүл дүйнөдөгүдөй эле жашы 65тен жогору адамдар жаштарга караганда коронавируска эки эсе көп чалдыгышууда. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандардын жарымынан көбү - орто жаштагы адамдар экенин белгилей кетүү керек, - деп тактады ал. - Бул алардын оорулуулар менен байланышта болуп же дарыгерлерге окшоп жумуштан жуктуруп алгандарына байланыштуу. 15 жашка чейинки балдардын контакттары аз болду, ошондуктан бул жаш курактагылардын арасында илдетке чалдыккандар дагы аз.

Үсөнбаев Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын санынын азайышы байкалып жатканын кошумчалады.

- Пандемиянын жогорку көрсөткүчү биз божомолдогондон бир жума эрте каталды, - деп белгиледи ал. - Бул вируска каршы натыйжалуу күрөштөн кабар берет. Бүгүнкү күндө сырттан келгендерден улам сандар азайбай жатат.

Вероника Малышева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх