Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда Кадыр түн карантин шартында кандайча жана качан белгиленет?

Муфтият мечиттер ачыла электигин билдирди

Кыргызстанда быйыл Кадыр түн 19-майдан 20сына караган түнү өтөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан маалымдашты.

Эске салсак, бул күнү мусулмандар таң аткыча уктабай, жакшы тилек менен дуба кылышат.

Кадыр түндү үйдөн, мечиттен дагы тосууга болот.

Бул жылы коронавирус пандемиясынан улам өлкөдө мечиттерге барууга тыюу салынган.

Муфтият чектөөлөр мурдагыдай эле жүрүп жатканын жана алар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша алынарын билдирди.

- Мечиттер жабык, бул жылы кыргызстандыктар Кадыр түндү үйлөрүнөн тосушу керек, - деп кошумчалашты алар.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх