Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бир сутка ичинде өлкөдө 7 адамдан коронавирус табылды

Айыгып чыккан жарандардын саны 726га жетти

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус 7 адамдан табылды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Бир сутка ичинде 1421 лаборатордук текшерүү жүргүзүлүп, алардын ичинен 7синен СOVID-19 ырасталды, - деп билдирди ал. - 17 бейтап ооруканалардан чыгарылды. Жалпы айыгып чыккандардын саны 726га жетти.

Өлкө боюнча башынан 1044 учур катталды. Ооруканаларда 306 адам дарыланууда. Алардын 230да оору белгилери жок өтүп жатат.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх