Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Эпидемиологиялык абал оңолууда, бирок Өзгөчө кырдаал азырынча алынбайт

Нурболот Үсөнбаев өзгөчө абал режими ооруга чалдыккан жарандардын саны азайып баштаганда гана караштырсак болорун белгиледи

COVID-19 менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб маал-маалы менен ПЦР-анализдерди тапшырып турушат. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Ишибиз боюнча көпчүлүгүбүз инспекция жана уюштуруу иш-чаралары менен объектилерге барып турабыз, андыктан, тесттерди милдеттүү түрдө тапшырышыбыз керек, - деди ал.

Үсөнбаев өлкөдө эпидемиологиялык абал оңолуп бара жатканын, бирок, өзгөчө абал режимин алып салуу тууралуу азыр айтуу али эрте экенин белгиледи.

- Өзгөчө абал режимин ооруга чалдыккан жарандардын саны азайып баштаганда гана караштырсак болот.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх