Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте велосипед тепкендерге айып пул салынып жатабы?

Милициянын кайгуул кызматы эки дөңгөлөктүү унаачан шаардыктарды эмне себептен токтотуп жатышканын түшүндүрдү

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери велосипедчен жарандарды токтотуп, аларга айып пул салып жатышат. Бул тууралуу социалдык тармакта шаардын чок ортосунда бир нече велосипедчен адамдарга жол эрежесин бузгандыгы боюнча протокол түзүшкөнүнө күбө болгонун айткан бишкектик тургун жазган.

«Эртең менен автоинспекторлор тротуар менен эмес, жолдо баратышкан велосипедчендерди токтотуп жатышты, - деп тактаган ал. Бирок, жол эрежелери боюнча эгерде велосипедчен киши унааларга жолтоо болбосо жол тилкеси менен жүрө алат. 7:30да аянтта жол сакчылары жана 5-10 машинеден башка эч ким жок болчу. Велосипед тепкендерге канча экенин билбейм, бирок протокол түзүшүп, айып пул салышканын көрдүм».

Милициянын кайгуул кызматы башкмарлыгы велосипедчен жарандарды чындыгында эле токтотуп жатышканын, бирок, айып пул салуу максатында эмес экенин Vesti.kg сайтына билдирди.

- Шаарда велосипед тепкендердин катышуусунда жол кырсыктары көбөйүп кетти, андыктан биздин кызматкерлер алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат, - деп такташты мекемеден. - Алардын эч кимисине айып пул салынган жок.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх