Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коронавирус дагы 38 адамдан аныкталды. Жалпы ооругандардын саны 1082ге жетти

Нарында бүгүн 15 жаңы учур катталды

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата коронавирус жуктурган жаңы 23 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен 14ү Бишкекте, Ошто -1, Чүй облусунда -2, Жалал-Абад облусунда -4. Соль-Илецкиден келгендердин ичинен 2 адамдан коронавирус табылган.

Муну менен бирге Үсөнбаев брифингдин жүрүшүндө ага Нарында 15 жаңы учур катталганы тууралуу маалымат түшкөнүн белгиледи.

- Менде азыр так маалымат жок, кийинчерээк билдиребиз, - деди ал.

Ошол эле маалда ооруканалардан 9 бейтап чыгарылды. Коронавирустан Кыргызстанда жалпысынан 735 адам айыгып чыкты.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх