Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Көчөлөрдү COVID-19га каршы дезинфекциялоо - акчаны асманга сапыруу

Бермет Барыктабасова жолдорду хлор кошулган каражаттар менен тазалоо  натыйжа алып келбейт деген пикирде

Көчөлөрдү коронавируска каршы хлор кошулган каражаттар менен дезинфекциялоо - натыйжасыз чара. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына далилдүү медицина боюнча эксперт Бермет Барыктабасова жазып чыкты.

«Өлкөдө хлор каражаттары жөнүндө коронавирустан көп сөз болуп жатат. Хлор каражаттары менен тазалоо - бир дагы коронавируска каршы бир дагы эпидемиологиялык чараларда, сунуштама жана колдонмолордо жок экенин канча жолу кайталоо керек?»
Эксперт эмне үчүн жер-жерлердеги санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборлору баш болуп, бардык мамлекеттик органдар көчөлөрдү дезинфекциялап баштаганын түшүнбөйт.
«Натыйжасыз чараларга миллиондогон, жүз миллиондогон акча коротуп жатышат, - деп баш чайкаган ал. Өлкөгө вирус кире электе шаарларды, көчөлөрдү, мектептер менен ашканаларды хлор менен жуугандын эмне кереги бар эле. Анын үстүнө азыр өлкө боюнча ооругандардын саны миңден бир аз эле ашык, бул мыйзам боюнча эпидемияга жатпайт да.
Белгилей кетсек, Республикалык штабдын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-мартынан 10-майына чейин ӨКМ 39, 2 млн погондук автожолду дезинфекциялаган. Мындан сырткары, 44, 7 млн м2 аянт: имараттардын ичи- 8, 8 млн м2 жана имараттардын сырткы аймактарынан 25,9 млн м2 аянт тазаланган

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх