Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алып кетти. Жалпысынан 14 киши көз жумду

Өткөн сутка ичинде СOVID-19 жуктурган 29 жаңы учур катталды

2020-жылдын 15-майына карата Кыргызстанда СOVID-19 жуктурган жаңы 29 учур катталды. Бул тууралуу брифинде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ооруга жаңы чалдыккандардын арасынан 6 адам Бишкекте, Чүй облусунда - 4, Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап, Жалал-Абад облусунда - 2 жана Нарын облусунда 11 адам.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата республика боюнча ооругандардын саны 1111ге жетти.

Ошол эле маалда ооруканалардан дагы 10 бейтап чыгарылды. Бишкекте алты жана Ош облусунда 4 адам ооруну жеңип чыкты. Кыргызстан боюнча башынан бери айыгып чыккандардын жалпы саны -745.

Кечээ түндө Нарында коронавирустан 84 жаштагы аял каза болду. Ал эми Республикалык жугуштуу оорулар клиникасында 55 жаштагы эркек көз жумду.

- Көз жумган аял бөйрөк ооруларынан жабыркап келген, көз жумгандан кийин андан алынган анализ коронавирус бар экенин көрсөткөн, - деди Үсөнбаев. - Каза болгон эркек адамдын дагы башка оорулары болгон. Ал реанимацияда жаткан, бирок, өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок.

Кыргызстанда коронавирустан жалпысынан 14 адам көз жумду.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх