Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министринин орун басары: Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы 30-майда аяктайт

Надира Жусупбекова мектеп окуучулары быйыл көчүрүү сынактарын тапшырышпай турганын билдирди

Кыргызстандын мектептеринде быйыл көчүрүү сынактары болбойт. Бул тууралуу брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымдады.

- Биздин мектеп окуучулары көчүрүү сынактарын тапшырышпайт, - деди Жусупбекова. - Алардын ансыз деле баары тапшырчу эмес. Дистанциондук режимде билим алууда балдарды класстан класска жалпы жетишкендиктердин негизинде көчүрсө болот.

Анын айтымында жакынкы убакытта предметтик комиссиялар түзүлөт, алар ар бир окуучу туурасында чейректик баа, жалпы жетишкендиктер, жылдык контролдук иштер жана башкалар туурасында маалымат алып турушат. Жусупбекова окуу жылы 30-майда аяктарын билдирди.

- Класс жетекчилери менен предметтик мугалимдер ар бир окуучунун жетишкендиктери туурасында кыскача маалымат даярдашат, - деп белгиледи ал. - Жалпы жетишкендиктерге карап комиссия жыйынтык бааны чыгарат. Эгерде, бүтүрүүчү жыйынтык баага канааттанбаса, ал конфликттик комиссияга кайрыла алат. Комиссия аппеляцияны карап чыгат. Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин өтөт. 13-июндан кийин бүтүрүүчүлөр ЖРТга даярдык көрө башташат.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх