Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо онлайн форматында өтөт

Министрдин орун басары ЖРТнын жыйынтыктары 13-июлдан 19-июлга чейин белгилүү болорун билдирди

Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын 13-июлдан 19-июлга чейин биле алышат. Бул тууралуу брифингде билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымдады.

- ЖРТ 180 тестирлөө борборунда өтөт, - деди ал. Имараттар дезинфекцияланып чыгат, балдар аралыкты сактоону сактоо менен 21-июнда тесттин биринчи этабын тапшырышат. 22-июнда алар предметтик тестти тапшырышат. Ал эми 24-июнь күнү жалпы тесттин экинчи этабы жана 25-июнда предметтик тесттер өтөт. 13-июлдан 19-июлга чейин мектеп бүтүүрүчөлүрүнүн ЖРТ жыйынтыктары белгилүү болот.

Анын айтымында мектеп бүтүрүүчүлөрү 20-июлдан тарта вуздарга өтүү үчүн документ тапшыра башташат.

- 20-июлдан баштап вуздар документтерди кабыл ала баштайт, - деп белгиледи Жусупбекова. -ЖРТ сертификаттарысыз абитуриенттерди кабыл алган окуу жайларына 1-июлдан тарта документтерди тапшырууга болот.

Мындан сырткары, ал мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо онлайн режиминде өтө турганын кошумчалады. Бирок, Жусупбекова майрамдык иш-чара дистанциондук режимде кандайча өтө турганын ачыктаган жок.

- Жыл сайын акыркы коңгуроо салтанаттык түрдө өтчү, - деп эске салды Жусупбекова. Биз белгилүү инсандарды, ата-энелерди чакырчубуз. Адамдар көп чогулчу. Бирок, азыр бизге балдардын өмүрү менен коопсуздугу маанилүүрөөк, андыктан биз бул иш-чараны онлайн форматта өткөрүү чечимин кабыл алдык.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх