Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

18-май. Кыргызстанда СOVID-19 дагы 78 адамдан аныкталды. Жалпы ооругандардын саны 1216га жетти

Илдетке чалдыккандардын басымдуу көпчүлүгү - чет өлкөлөрдөн кайтып келген жарандар

18-майга карата Кыргызстанда СOVID-19 дагы 78 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Ооруга жаңы чалдыккандардын арасынан үчөө Бишкектен, дагы үчөө Чүй облусунан, 14 киши Нарындан, Ошто -5, Ош облусунда -6 жана Жалал-Абад облусунда бир адам.

Санкт-Петербургдан кайтып келген кыргызстандыктардын ичинен үчөөнөн коронавирус чыкты. Ал эми Соль-Илецкиден кайткандардын арасынан 43 адам СOVID-19 жуктурганы белгилүү болду.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда расмий түрдө коронавирус жуктурган 1216 учур катталды.

Бүгүн ооруканалардан 23 бейтап чыгарылды: 20 киши Бишкекте жана Жалал-Абадда 3 бейтап. Жалпысынан өлкө боюнча башынан бери 827 бейтап айыгып чыкты.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 төрт медициналык кызматкерден табылып, 8 дарыгер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгышты.

Коронавирус жуктурган дарыгерлердин жалпы саны - 255, анын ичинен 212си айыгып чыгышты.

Кыргызстанда COVID-19 жуктурган жалпы 1216 учурдун ичинен бүгүнкү күнгө карата 827си ооруканалардан айыгып чыгып, 375и учурда стационардык дарыланууда (5 бейтап реанимацияда), 14 адам көз жумду.

Кыргызстан боюнча обсервацияларда 2236 адам бар.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх