Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

19-май. COVID-19 дагы 27 адамдан аныкталды

Өлкө боюнча башынан бери коронавирус жуктурган 1243 учур катталды

Кыргызстанда 19-майга коронавирустук инфекция жуктурган дагы 27 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Анын айтымында, алардын ичинен үчөө - Россиянын Соль-Илецк шаарынан кайткан мекендештер.

- 19-майга COVID-19 жуктурган жаңы 27 учур катталды, - деди Үсөнбаев. - Бишкекте -6, анын ичинен бир бейтап Санкт-Петербург шаарынан келген. Чүй облусунда -3, учөө тең Соль-Илецк шаарынан келишкен. Нарын облусунда 11 бейтап, Ош облусунда алтоо катталды.

Өткөн сутка ичинде ооруканалардан 71 бейтап айыгып чыкты. Бишкекте -55, Жалал-Абад облусунда -11, Нарын облусунда -2, Баткен облусунда 3 адам.

Жалпысынан өлкө боюнча башынан бери COVID-19 жуктургандардын саны 1243кө жетти.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх