Саламаттыкты сактоо министрлиги: Өткөн суткада эки дарыгерден коронавирус чыкты
Илдетке чалдыккан ак халатчандардын жалпы саны - 257
Кыргызстанда дагы эки медициналык кызматкер коронавирустук инфекция жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында ооруканалардан жети дарыгер коронавирустан айыгып чыгышты.
- Башынан бери COVID-19 257 медициналык кызматкерден аныкталды, алардын ичинен 219у илдеттен айыгып чыгышты,- деп белгиледи Үсөнбаев.
19-майга карата республика боюнча коронавирустук инфекция дагы 27 адамдан аныкталды
Эльдос Казыбеков
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз