Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Карантинге түкүрүп да койгон жок”. Ырчы Курал Чокоев жарамазан айтып, кыдырып жүрөбү”? (фото)

Интернет желесинде ырчынын депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылардын үйлөрүнө жарамазан айтып барган сүрөттөрү тарады

Ата мекендик ырчы Курал Чокоевди карантиндин эрежелерин бузуп, белгилүү саясатчылардын үйлөрүнө жарамазан айтып жүрөт деп айыпташууда. Бул тууралуу социалдык тармактагы жеке баракчасына жарандык активист Адил Турдукулов жазып чыккан.

(орусчадан которулду -ред.)

«Курал Чокоев деген ырчы Жанар Акаев жана Сулайманов баш болгон ар кайсы саясатчылардын үйлөрүн кыдырып, жарамазан айтып жүрөт. Карантиниңерге ал түкүрүп да койгон жок», - деп жазган Турдукулов.


Эске салсак, Бишкекте коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө үчүн Өзгөчө абал режими аяктай элек.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх