Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда COVID-19 дагы 43 адамдан аныкталды

Өлкө боюнча башынан бери коронавирус жуктурган 1313 адам катталды

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде коронавирус дагы 43 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- 21-майга карата республика боюнча COVID-19 жуктурган дагы 43 учур катталды, - деди Үсөнбаев. Бишкекте - 23 адам, алардын ичинен бирөө Санкт-Петербургдан келген. Ошто -5, Чүй облусунда -1, Ош облусунда -4, Нарында -8 жана Баткен облусунда -2 учур.

Бишкекте катталган 23 жаңы учурдун төртөө медициналык кызматкерлер. Өткөн суткада эки дарыгер айыгып, ооруканадан чыгышты.

Министрдин орун басары өткөн суткада жалпысынан 19 бейтап илдеттен айыгып, үйлөрүнө чыгарылганын тактады. Бишкектен -8 адам, Ош облусунда -5, Жалал-Абад облусунда -4, Баткен облусунда -2.

Эпидемиянын башынан бери өлкө боюнча 929 адам коронавирусту жеңип чыкты

Өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 1313кө жетти. Кыргызстан боюнча обсервацияларда 1902 адам бар.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх