Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын вуздары Өзгөчө абал режимине карабай контракт акысын талап кыла алышабы?

Билим берүү министрлиги билим берүү мекемелерине студенттер үчүн окуу акысын төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу сунушталганын билдиришти

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдерине байланыштуу көптөгөн кыргызстандыктар кирешесиз отуруп калышты. Бирок, жарандарды окуу, турак-жай акыларынан жана башка төлөмдөрдөн эч ким бошоткон жок.

Vesti.kg сайтынын редакциясына Кыргызстандын Эл аралык университетинде билим алган студенттердин ата-энелери кайрылып, окуу жайдын жетекчилиги түзүлгөн кырдаалга карабастан 25-майга чейин окуу акысын төлөөнү талап кылып жатышканына арызданышкан.

- Деканаттар контракт төлөбөгөн студенттер экзамендерге киргизилбей, ал тургай окуу жайдан чыгарыларын айтып жатышат, - деп арызданышкан тынчсызданган ата-энелер.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы буга чейин өлкөнүн жогорку окуу жайларына окуу акыларын төлөө мөөнөттөрүн жылдыруу сунуштары берилгенин Vesti.kg сайтына билдирди.

- Үй-бүлөлөрүндө оор кырдаал түзүлгөн студенттер үчүн окуу акысын төлөө мөөнөтүн жылдыруу сунушу берилген, - дешти алар. - Мыйзам боюнча окуу акысы - бул билим алуучу менен уюмдун ортосундагы келишим. Бул бюджеттик каражаттар эмес, башка мыйзам нормалары иштейт. Жогорку окуу жайлары менен студенттер өздөрү ымалага келиши керек.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх