Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы: «Кара Харп» академиясынын курсанттарына Түркияда калуу коопсузураак

Кыргызстандык студенттерди мекенине алып кетишпейт. Анын үстүнө аларда 1-июндан тарта кайра окуулар башталат

Түркиядагы Kara Harp Okulu аскердик академиясында билим алган кыргызстандык курсанттар мекенине алып келинбейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Редакцияга Анкарада калган кыргызстандык курсанттарга кабатыр болгон жакындары кайрылган. Алардын айтымында окуу жайда Кыргызстандын 10го жакын студенти жана алардын казакстандык жана азербайжандык достору гана калган, калган өлкөлөр өз студенттерин эчак алып чыгып кетишкен.

- Аларга сентябрга окуу болбой турганын айтышыптыр, жөн эле жүрүшөт, - дешкен курсанттардын жакындары.

Бирок, Башкы штаб бул маалыматты жарым-жартылай Vesti.kg сайтына төгүндөдү.

- Түркиянын Коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимге ылайык, курсанттардын академияда калганы коопсузураак болот деп чечилген, - деп такташты басма сөз кызматынан. - Алар обочолонуу режимин, санитардык-гигиеналык режимди толук сактап жатышат, бардык шарттар түзүлгөн. Академияда калганы алар үчүн коопсуз. Анын үстүнө 2020-жылдын 1-июунан тарта курсанттардын бардык окуулары кайра башталат, деп түшүндүрүштү Башкы штабдан. Жайкы каникулдар күзгө жылдырылгандыктан, жайдын башы менен толугу менен кайра окууга киришишет.

- Андыктан, аларды Кыргызстанга эки жумага алып кетүүнүн кажети жок, - деп белгилешти алар. - Студенттердин ата-энелерине дагы абалды түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул маселе Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин көзөмөлүндө турат.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх