Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Депутат Тотоновдун инисинин абалы туруктуу

Нурболот Үсөнбаев Айбек Тотонов дарыланып жатканын маалымдады. Ал 26 адам менен байланышта болгон

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотоновдун иниси Айбектин абалы туруктуу экенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында учурда бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.

- Айбек Тотонов санитардык-карантиндик посттон өткөн, андан анализдер алынып, коронавис аныкталган, - деди Үсөнбаев. - Ал жүк ташуучу чоң унаада болгон, аны менен Токтогул районуна чейин келген. Бейтап азыр дарылануу алып жатат

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айбек Тотонов менен байланышта болгон 26 адам аныкталып, алар үй карантинине алынганын кошумчалады.

- Ал 26 адам менен байланышта болуптур, - деди Үсөнбаев. Алар анын туугандары жана достору. - Бардыгынан анализдер алынып, учурда үй карантининде. Тотоновдун абалы эч кандай коркунучту туудурбайт, анткени ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эске салсак, 19-майда Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотоновдин иниси коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх