Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда дагы 35 адам СOVID-19 жуктурду. Илдетке чалдыккандардын жалпы саны 1468ге жетти

23 бейтап ооруканалардан айыгып чыгышты

2020-жылдын 26-майына карата Кыргызстанда СOVID-19 жуктурган жаңы 35 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен:

Бишкекте - 12 адам жана Россиядан келген 4 аскер кызматкери бар;
Чүй облусунда - 4 жаран жана Соль-Илецкиден келгендерден уч кишиден табылган;
Ош облусунда -4;
Нарын облусунда - 8 адам.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата республика боюнча коронавирустун 1468 учуру катталган.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 7 медициналык кызматкеринен табылды: Бишкекте -4 жана Нарын облусунда -3

Ооруканалардан 6 медициналык кызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан коронавируска башынан 287 медициналык кызматкер чалдыгып, алардын 237си илдетти жеңип, үйлөрүнө чыгышты.

Сутка ичинде ооруканалардан 23 бейтап чыгарылды: Нарын облусунда - бир, жана Жалал-Абад облусунда эки адам.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирусту жеңип чыккандардын саны - 1015.


Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх