Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги сырттагы кыргызстандыктарды поезд менен алып келүү кооптуу экенин билдирди

Министрдин орун басары айрым бейөкмөт уюмдардын сунушун колдогон жок

Саламаттыкты сактоо министрлиги сыртта калган кыргызстандыктарды поезд менен алып келүүнү сунуштабайт, анткени, мындай учурда коронавирустук инфекцияны жуктуруп алуу тобокелдиги көбөйөт. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Айрым бейөкмөт уюмдар биздин мекендештерди поезд менен алып келсе болот деп жатышат, биз мындай кылууну сунуштабайбыз, - деп белгиледи ал. - Поезддин ичи тар, илдетти жуктуруп алуу коркунучу чоң.

Муну менен бирге Үсөнбаев Бишкекте азырынча коомдук транспорттордо санитардык талаптар аткарылып жатканын белгиледи.

- Жарандар биздин айтканыбызды аткарып, коомдук транспортко көп киши албай жатышканы абдан жакшы, - деди ал. - Бирок, ошол эле маалда эл көп чогулган жайларда бет кап тагынуу абдан маанилүү. Мисалга, базарларда жана соода борборлорунда. Бул инфекциянын жайылышына жол бербегенге жардам берет.

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх