Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги “аялдардын тилектештик жүрүшү” боюнча кылмыш иши кайрадан милиция кызматкерлери үчүн жылдырылды

Свердлов РИИБнин өкүлдөрү тарабынан ишеним документи берилген эмес

Бишкек шаарында 8-мартта өткөн “аялдардын тилектештик жүрүшүндө” орун алган жаңжал боюнча соттук отурум 28-майга жылдырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына БФД уюмунун өкүлү Жанна Араева билдирди.

Анын айтымында айыптоочу тараптын атынан милиция ишеним документин көрсөткөн эмес. Марштын уюштуруучуларынын жактоочулары милиция күбө катары ишеним каты жок эле чыгышын талап кылышкан, бирок, сот алардын өтүнүчүн четке каккан.

Феминисттик уюмдун өкүлү РИИБнин кызматкерлери соттук отурумга ишеним кагаз менен баруу керектигин беш колундай билишкен деп ойлойт.

- Кантип эле бул эрежелерди билбей калышсын, - дейт ал.

Эске салсак, 2020-жылдын 8-мартына белгиленген аялдардын тилектештик маршын ак калпак кийген жана бет капчан белгисиз эркек адамдар таратып салган. Алар Жеңиш аянтында чогулган жүрүштүн катышуучуларына пландалган каттамдары боюнча басууга жолтоо болушкан. Милиция кызматкерлери акциянын айрым катышуучуларын кармап кетишкен.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх