Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда акыркы суткада 52 адамдан коронавирус аныкталды

Алардын ичинен 12си - медициналык кызматкерлер

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде СOVID-19 дагы 52 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында акыркы сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болгон.

- Илдетке жаңы чалдыккандардын арасында Россиядан келген 2 курсант бар, Соль-Илецк шаарынан келгендердин арасынан 8 адамдан табылды, - деди ал. - Ошондой эле Оренбург облусунан кыргызстандыктар кайтарылган. Биринчи анализ алынып, 8 жарандан СOVID-19 чыкты.

Ал ортодо ооруканалардан 28 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан өлкө боюнча 1043 жаран ооруңу жеңип чыкты.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх