Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрилиги коронавирустун белгилерин байкаган жарандарды өз алдынча дарыланбоого чакырды

Нурболот Үсөнбаевдин айтымында илдетке чалдыккан медициналык кызматкерлердин айрымдары да үйлөрүнөн чөп-чар ичип дарыланып көрүшкөн

КРнын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кыргызстандыктарга кайрылып, COVID-19дун белгилери байкалган учурда өз алдынча дарыланбоону суранды. Анын айтымында бул оорунун өтүшүп кетишине алып келет.

Үсөнбаевдин айтымында реанимацияга түшүп жана көз жумган жарандардын көбү башында өз алдынча дарыланууга көп убакыттарын кетирип коюшкан. Алардын арасында медициналык кызматкерлер дагы бар.

- Биз көз жумган жана абалы оор жарандар боюнча учурларды анализдеп чыктык, - деди ал. - Алардын арасында адамдар ар кимдин сөзүн угуп, үйлөрүнөн түрдүү дары, чөп-чар ичип, өз алдынча дарыланып көрүшкөн учурлар көп. Мындай фактылар медиктердин арасында дагы бар. Коронавирустук инфекцияда мындай кылууга таптакыр болбойт. Дарыгерлерге кайрылууну кечеңдетүү оорунун өтүшүп кетишине тез эле алып келет.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх